Орусиянын "Роскомнадзор" мекемеси диний тематикадагы карикатуралар ар кыл диний конфессиялардын ар-намысына шек келтирет деп эсептейт. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында кабарланды. Мындай карикатуралар диний жана улуттук кастыкты козутуу катары эсептеле тургандыгы эскертилип, орус мыйзамдарына каршы келээри айтылган.
Буга чейин "Роскомнадзор" мекемесинин Камчаткадагы башкармалыгы аймактагы маалымат каражаттарына диний мазмундагы карикатураларды жарыялабоону эскерткен.
7-январда Париждеги “Шарли Эбдо” журналына кол салуу болуп, 12 адам набыт кеткен. Анда кол салууну уюштурган Саид жана Шериф Куашилер журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн өч алган болушу мүмкүн деп болжолдонгон. Кол салуудан кийин 14-январда журнал пайгамбардын карикатурасын кайрадан басып чыккан. Буга Түркия, Пакистан сыяктуу бир катар өлкөлөр нааразылыгын билдирген.