Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

“ИМ” жанын кыйган экинчи адам да казакстандык экени айтылууда


Орусиянын чалгынчысы деп ырасталган Сергей Ашимов ("ИМ" тараткан видеодон алынды)
Орусиянын чалгынчысы деп ырасталган Сергей Ашимов ("ИМ" тараткан видеодон алынды)

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу тараткан тасмада Орусиянын тыңчысы деп ырасталган Сергей Ашимов аттуу адам Казакстанда туулуп өскөн. Согушкерлер аны менен кошо Жамбул облусунун мурдагы тургуну Жанболат Мамаевди атып салышканын тасмадан көрүүгө болот.

13-январда "Ислам мамлекети" уюшмасынын үгүт-насаат канаты болгон "Ал-Хаят" медиа тобу «Ичтен чыккан душмандын бети ачылганда» деген аталышта жети жарым мүнөттүк тасманы орус тилинде англис жана араб субтитрлери менен жарыялады.

Анда өспүрүм согушкер «орус тыңчылары» делген эки кишини атып өлтүргөнү көрсөтүлөт. Буга чейин жан таслим болгондордун бири Жанболат Мамаев Жамбул облусунда туулуп өсүп, кийин Карачай-Черкес жумуриятына көчүп кеткени аныкталган.

Ал эми экинчи эркек видеодо өзүн Сергей Николаeвич Ашимов деп тааныштырат. Сырткы келбетине караганда улуту орус. Жашы 30да экенин айтып, Сирияда ФСБнын кызыкчылыгына «мусулмандарга каршы» иштегенин мойнуна алат. Сөзүнө караганда ага Сириядагы согушкерлер тууралуу маалымат топтоп, ошондой эле "Ислам мамлекети" уюшмасынын башчысы кайда экендигин аныктоо милдети тагылган.

Литвинск мектеп-интернатынын расмий каты, 16.01.2015
Литвинск мектеп-интернатынын расмий каты, 16.01.2015

"Азаттыктын" казак кызматына белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Сергей Ашимов Караганда облусунун Осакаров районунда Литвинск айылындагы жетим балдардын мектеп-интернатында өсүп чоңойгон. Аны интернаттын директорунун орун басары Фатима Пята тааныды. «Ал менден бир жаш улуу болчу. Боорукер, дилгир жигит эле. Орто окучу, тарбиячылардын айтканын такай аткарчу» деп сүрөттөгөн Пята өзү дагы Сергей менен интернатта чогуу өсүптүр.

Литвинск мектеп-интернатынын директору Евгений Ермолаев Сергей Ашимов 1984-жылы 30-мартта туулганын, бул мектепте 1989-2002-жылдары окуганын айтат. Мектеп директору да Сергейди боорукер, сылык, бирөө менен чатагы жок, маданияттуу, достору көп бaлa болчу деп мүнөздөйт.

«Мектептеги иш-чараларга катышчу. Интернатта жүргөн маалында жакындары келген эмес. Анын туугандары тууралуу мектепте эч кандай маалымат дагы жок болчу» деп жооп берди Ермолаев "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна.

Мектепти аяктагандан кийин Ашимов Темир-Тоодогу №31 кесиптик-техникалык окуу жайга тапшырып кетиптир. Фатима Пята болсо «Сергей ал кезде өз алдынча болуп, көптөрүбүз менен байланышпай кетти. Беш-алты жыл мурун машине айдап мектепке келип, 15-20 мүнөттөй туруп кеткен. Сабак берип жатканын айткан. Менимче «Диндин негиздери» деген сабакты окутам деп айтса керек эле. Ошондо ал исламды кабыл алган го. Армияда кызмат өтөгөн» деп аны акыркы жолу көргөнүн эскерет.

Ашимов кесиптик техникалык окуу жайда билим алып, кийин Татарстанга көчүп кеткени кабарланат. Андан кийинки турмушун ​интернетте анын атына катталган бир нече баракчалардан билүүгө болот.

«Мой мир» сайтындагы «Сергей Ашимов» деген баракчада өзүнүн эмес, автомашинелердин сүрөттөрү коюлган. Баракчада ал 2006-2013-жылдары Татарстандын Казан шаарындагы РИУда билим алганы көрсөтүлгөн. “Азаттык” Казандагы Орусия ислам институту (РИУ) менен байланышканда, Сергей Николаевич Ашимов “Теология” багытында сырттан окуганы, 2007-2008-жылдары өз эрки менен андан чыгып кеткени белгилүү болду.

Сергей Ашимов деген колдонуучунун баракчасы
Сергей Ашимов деген колдонуучунун баракчасы

Сергей Ашимовдун атына катталган дагы бир баракча «Одноклассники» тармагынан табылды. Андагы сүрөт “Ислам мамлекети” тараткан видеодогу адамга түспөлдөш. Курагы 30да, Казандын тургуну деп көрсөтүлгөн баракчада 10 чактыдай сүрөт коюлган. Алардын биринде «Сергей Ашимов» бир нече адам менен Мекеде жүргөн сүрөт бар. "Ашимов" «Одноклассники» желесиндеги бир нече диний топторго мүчө.

Ал эми «Вконтакте» желесиндеги «Сергей Ашимов» деген баракчада болсо жүк ташыган машиненин сүрөтү коюлган. Жашаган жери Караганда калаасы, Карагандадагы №1 ПТУда механик адистигине окуган, Литвинск айылында туулган, үй-бүлөлүү деп көрсөтүлгөн. Ал бул тармакта дагы бир нече диний топторго мүчө жана диний мазмундагы маалыматтарды жайылткан.

Интернетте Сергей Николаевич Ашимовдун атынан жазылган жарыялар дагы учурайт. Анда негизинен Казандагы жүк ташуу кызматы жарнамаланат.

Орус ФСБнын тыңчылары делген экөөнү аткан, жети-сегиз жашар согушкер өспүрүм өткөн жылы ноябрда "Ислам мамлекети" тобу тарабынан жарыяланган видео тасмадагы казак балдардын бирине түспөлдөш. Ал жолку тасмада казак балакайлар колдоруна курал кармап, Сирияда согуштук жана идеологиялык машыгуудан өтүп жаткандыгы көрсөтүлгөн эле.

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы экстремисттик уюшманын үрөй учурган тасмасындагы адамдарды өз өлкөсүнөн эмес деп билдирди.

XS
SM
MD
LG