Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:11

Жалал-Абад: электр жарыгы 700 кВттан ашык колдонулууда

Облус аймагында электр энергиясын колдонгон кардарлардын 30% 700 кВт. сааттан ашык жарык колдонгон. Бул тууралуу "Жалал-Абад электро" ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Замир Халиков билдирди.

- Негизинен Базар-Коргон, Сузак райондору жана Жалал-Абад шаарынын тургундары жарыкты көп пайдаланып, түшүнбөстүктөр жаралууда, – дейт Халиков.

Облус аймагында жарык колдонгон 199 миң абонент катталса, учурда калктын электр энергияга болгон дебитордук карызы 130 млн. сомду түзөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG