Чек ара бекетине болгон кол салуудан улам Лейлек калкынын кооптонуусуна негиз жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Лейлек районунун акими Түлөберди Арипов билдирди.
- Учурда күч органдары аймакка жетиштүү деңгээлде тартылды. Кол салуу болгон чек ара бекетинин айланасын алар тинтип атышат. Элдин коопсуздугуна коркунуч жок, - деди Арипов.
Кечээ кечинде Лейлектеги “Айкөл” чек ара бекетине белгисиз адамдар тарабынан ок атылып, бекеттин начальниги окко учкан. Дагы эки чек арачы жараат алышкан. Учурда аймакта күчөтүлгөн тартипте иликтөө, издөө иштери жүрүүдө. (JsA/MTo)