Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Атамбаев чек арадагы атышууну дыкат иликтөөгө тапшырма берди


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев 16-январда Лейлектин "Айкөл" чек ара тозотунда болгон окуяны дыкат иликтөө боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматына чек араны ишенимдүү кайтаруу жана коргоо, чек ара тозотторунун коопсуздугун чыңдоо боюнча бардык чараларды көрүү милдети тапшырылган.

Мамлекет башчы болуп өткөн окуяда белгисиз адамдардын огунан курман болгон “Айкөл” чек ара тозотунун ага лейтенанты Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Жарадар болгон лейтенант Н. Осмонов менен катардагы жоокер Ж. Сагынбай уулуна медициналык жардам көрсөтүүгө буйрук берип, алардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

16-январда түнкү саат 11лер чамасында Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотундагы ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болгон. Алдын ала маалыматка караганда, чек арачыларга аңчылык куралдан чачма ок атылган.

XS
SM
MD
LG