19-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Эскертүү
18-январдан 19-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Бишкек-Талас (198-210-км, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Казарман-Акталчат (67-94-км, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...3, күндүз 7...12
Баткен облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 7...12
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...3
Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -7....-1
19-январда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градус, күндүз 8...10 градус болот.