Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Ходорковский Путиндин келерки шайлоодо жеңээринен күмөн санайт


ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковский америкалык CNN каналына курган маегинде Владимир Путин 2018-жылкы президенттик шайлоодо жеңип чыгары күмөн экенин билдирди. Анын айтымында, Орусия бир кризисти ички ресурстар менен каалаган убакта жеңе алат, бирок өлкө учурда эки кризистен: ички каржылык жана Украинага байланыштуу окуялардан жабыркап жатат.

Ходорковский Алексей Навальный тууралуу суроого жооп берип жатып, ага Орусиянын да, Батыштын да жардам берүүсү өтө маанилүү экенин белгиледи.

Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген айыптар менен эки ирет соттолуп, он жыл камакта отурган. Анын жактоочулары Ходорковский саясий жүйө менен соттолгонун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG