Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

Украина: Биримдик маршына миңдеген адам чыкты


"Бизди эч ким кopкyтa aлбайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

Порошенко: Бизди эч ким кopкyтa aлбайт

Киевдеги Биримдик маршына миңдеген адам катышты. Өткөн аптада он эки адамдын өмүрүн кыйган кол салуу түрткү берген элдик жыйын өлкө чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин урушу күчөгөн учурга туш келди.

Президент Петро Порошенко Биримдик маршында сүйлөп жатып, Украинанын чыгышына көзөмөл орнотууну убада кылды.

Уюштуруучулар терроризмге каршы акция деп атаган Биримдик маршы Киевден тышкары Запорожьеде, Днепетровскте, Львовдо, Одессада, Харьковдо жана башка шаарларда өттү. Иш-чарага Европанын бир катар шаарларындагы украин активисттери да кошулду.

Борбор Киевдин Көз карандысыздык аянты – Майданга 20 миңдей киши жыйналды. Майданга чогулгандар бир минут унчукпай туруу менен өткөн аптада Волноваха деген жерде каза тапкан 12 жүргүнчүнү, жалпы эле өлкө чыгышындагы уруштарда өмүрү кыйылган украиналыктарды эскеришти.

Демонстранттар украин желектери менен кошо Парижде жакында болгон террактын курмандыктары сыяктуу эле украин жарандары да террордун курмандыгы болуп жатканынын ишарасы катары “Мен Волноваха”, “Мен Украина” деген плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Францияда “Мен Шарли” деген жазуу кол салууга кабылган “Шарли Эбдо” сатиралык журналына тилектештик көргөзүүнүн жана террорго каршылык билдирүүнүн символуна айланган эле.

Волноваха шаарчасынан 12 адам 13-январь күнү алар түшкөн автобуска ракета тийгенде мерт болгон. Украин бийликтеринин ишениминде, жөн-жай тургундар түшкөн автобусту жикчилдер атканынан шек жок.

Орусиячыл жикчилердер болсо тескерисинче, бул үчүн өкмөттүк аскерлерди күнөөлөшүүдө.

Президент Петро Порошенко Биримдик маршына чогулгандар алдында сүйлөп жатып, 13-январдагы окуя көпчүлүктү нес кылганын эске салып, өлкөнүн чыгышына көзөмөл орнотууну убада кылды:

Киевдеги Биримдик маршы.
Киевдеги Биримдик маршы.

- Биз эч кимден коркпойбуз. Бизди эч ким коркута албайт. Анткени, чындык биз тарапта. Кудай биз тарапта. Террорго жана баскынчыларга каршы жеңиш да биз тарапта болот. Биз тынчтык үчүн күрөштө жеңишке жетебиз. Украин жеринин бир чарчысын да бербейбиз. Донбассты кайтарып, украиналык духту кайра жандандырабыз. Украина азыр мурда болуп көрбөгөндөй бирикти. Биримдик - жеңиштин кепили.

Украин президентинин бул сөздөрү Донбасста кырдаал курчуп, уруштар күчөгөн учурда айтылды.

20-январдан тарта Украинада жарым-жартылай моблизациянын төртүнчү баскычы башталган жатат. Анын алкагында армияга 50 миңдей киши чакырылуусу мүмкүн. Президенттин жардыгын Жогорку Pада колдоду.

Украин армиясынын басма сөз катчысы Андрей Лысенконун жекшембиде билдиргенине караганда, украин күчтөрү соңку операциялардын натыйжасында Донецк аэропортунун аймагын кайра ээлей алды:

Донецк аэропортунун бийиктиктен тартылган азыркы көрүнүшү.
Донецк аэропортунун бийиктиктен тартылган азыркы көрүнүшү.

- Террорчулар Донецктин аэропортуна сокку урууну, анын ичинде оор артиллерияны колдонууну улантууда. Масштабдуу операция баштоо чечими кабыл алынып, ал ийгиликтүү болду. Биз аэропорттун аскерий бөлүнүү тилкесинде көргөзүлгөн, украин күчтөрүнө тиешелүү аймагын толук тазалай алдык. Бул Минск келишимдерин бузгандык эмес, анткени украин күчтөрү өз турумдарында калып, ок атууну токтотуу режимин карманышууда. Жооп иретинде гана ок чыгарып жатышат.

Лысенко кошумчалагандай, акыркы 24 саат ичинде төрт украин аскери курман болуп, 32 жоокер жаракат алган.

Александр Захарченко (ортодо)
Александр Захарченко (ортодо)

Бул аралыкта жикчилдер түзгөн “Донецк элдик республикасынын” лидери Александр Захарченко Киевди согуштун “жаңы толкунун” баштоого даярданып жатканы үчүн айыптады.

Захарченконун ырастоосунда, Донецк менен Лугансктын эл жашаган райондору “интенсивдүү түрдө” аткыланып жатат. Эл жашаган аймактар аткыланганын жергиликтүү тургундар да айтышууда. Такталбаган маалыматтарга караганда, Донецкте бир нече жөн-жай тургун, анын ичинде жаш балдардын өмүрү кыйылган. Шаар бийликтери "инфраструктура, коммуникация олуттуу" талкаланганын маалымдоодо.

"Донецк элдик республикасынын" лидери Захарченконун сөздөрүнө тушташ Орусия Tышкы иштер министрлиги Москва жикчилдер украин күчтөрү менен чектешүү тилкесинен оор куралдарын алып кетүүсү үчүн аларга таасир көргөзүүгө даяр экенин билдирди.

Былтыр апрелден берки уруштарда Украинанын чыгышында 4700дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Расмий Киев жикчилерге Орусиянын 8500дей жоокери жардам берип жатат деп эсептейт.

Орусия мындай ырастоолорду четке какканы менен Донбасстан "ыктыярчылар" бардыгын жокко чыгарган эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG