Украин президенти Петро Порошенко өлкө чыгышына көзөмөл орнотуларын жекшемби күнү Киевде, 20 миңдей адам чогулган “Биримдик” жүрүшүндө сүйлөп жатып билдирди. Ал Украина жикчилерге өз жеринин “бир чарчысын” да бербей турганын эскертти.
Украин президентинин мындай убадасы өлкөнүн чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин атышуулары күчөгөн учурда айтылды.
Украин армиясынын өкүлү Андрей Лысенко:
-Жикчилерге каршы операцияларды өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышы ийгиликтүү болду. Өкмөт күчтөрү өткөн түнкү операциянын натыйжасында Донецк аэропортунун аймагынын дээрлик баарын кайра ээлеп, ал жерден жикчилерди сүрүп чыгарды,- деди.
Маалыматка ылайык, жекшембидеги тиреште төрт украин аскери каза таап, 32 жоокер жаракат алган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, шаарда артиллериядан атуулар күчөдү.