Базар-Коргон райондук соту 12-январда адамдарды азгырып, Сирияга жөнөтүп турган эл аралык террористтик топтун мүчөсүн күчөтүлгөн режимде 4 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
- 1990-жылы туулган ал жаран Базар-Коргон районунда адамдарды Сириядагы согушка үгүттөө иштерин активдүү жүргүзүп жүргөн. Бир нече кыргызстандыкты жөнөткөнү да маалым болду. Дагы эки адамды Сирияга даярдап жаткан жеринен колго түшүрүлгөн болчу. Кылмыш кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык) боюнча соттолду, - деди Сулайманов.
Мурдараак Түркияда жашап, кыргызстандыктарды Стамбул шаары аркылуу Сирияга жөнөтүп турган бир кыргыз жараны колго түшүрүлгөн. (МТо)