Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:44

Баткен: тозотко чек арачы кол салганы аныкталды


Айкөл айылына кире бериштеги жазу, Лейлек, району, Баткен.
Айкөл айылына кире бериштеги жазу, Лейлек, району, Баткен.

“Айкөл” чек ара тозотундагы окуяга шектелген чек арачы күнөөсүн мойнуна алды. Учурда кылмыш жасоого эмне себеп болгону такталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

“Иликтөөнүн алдын-ала маалыматтарына караганда, тозоттогу кол салуу чек арачы тарабынан уюштурулган. Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдар жана бул кылмышка эмне түрткөнү иликтенүүдө”, - деди Бөрүбаева.

Тергөөнүн купуялуулугунан улам мындан артык маалымат берилген жок.

16-январда түнкү саат 11лер чамасында Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотунда болгон ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болгон. Алдын-ала маалыматтарга караганда ок аңчылык мылтыгынан атылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG