Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Бензин дагы арзандашы мүмкүн


Январь ичи күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа дагы төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, Орусия базарындагы күйүүчү майлардын дүң баасы өткөн жылдын декабрынан бери өзгөрө элек.

«Ушу тапта күйүүчү майларга суроо талап азайып, ал эми мунай азыктарын өндүрүү баштапкы деңгээлинде калууда. Мындан улам базарда товар көбөйүп, талап азайышы күйүүчү майдын дүң баасынын төмөндөшүнө шарт түзүүдө. Мындан тышкары мунайга болгон баанын түшүшү да буга себеп”, - деди Керимкулов.

Кыргызстанды күйүүчү май менен камсыздаган монополист ишкана “Газпромнефттин” маалыматына караганда, өлкөдө жогорку талапка ээ болгон АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 49,90 сомго чейин өскөн.

Бүгүнкү күндө анын баасы 42 сомдун тегерегине түштү. (МТо)

XS
SM
MD
LG