Женевада БУУнун Адам укуктары комитети Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасын угууда. Учурда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган кыргызстандык топ комитет мүчөлөрүнө маалымат берип жатат. Ал өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жана кыйноолорго каршы аткарылган иштер тууралуу айтууда.
БУУнун 2008-жылы кабыл алынган декларациясына ылайык, уюмга мүчө 193 мамлекет ар беш жыл сайын өз өлкөсүндө адам укуктарынын сакталышы боюнча жасалган иштер тууралуу эл аралык коомчулукка маалымдап турушу керек.
Кыргыз өкмөтү алгачкы баяндамасын 2010-жылы сунуштаган.