Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

ЕБ террорго каршы күрөшүү боюнча кеңири альянс түзүүгө чакырды


Федерика Могерини
Федерика Могерини

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини мындай чакырыкты бүгүн Брюсселдеги жыйындын алдында жасады.

Анын айтымында, террорго каршы күрөшүү үчүн мусулман өлкөлөрү менен, ошондой эле биримдиктин өз ичинде да көбүрөөк кызматташтык зарыл болуп турат.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин бүгүнкү жыйынына Араб лигасынын баш катчысы да катышууда.

Исламчыл согушкерлердин 7-9-январда Парижде жасаган кол салуулары, Батыш Европада террорчу деп шектелгендерге каршы өткөн аптада жүргүзүлгөн рейддер Сирия менен Ирактын согуш талааларынан кайтып келген европалык жарандардын коомго ыктымал коркунучу боюнча тынчызданууларды жаратты. (UE)

XS
SM
MD
LG