Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Кыргызстан Шериктештик кубогунунун чейрек финалына чыкты


Кыргызстандын футбол боюнча 21 жашка чейинкилердин курама тобу. Санкт-Петербург, 19-январь, 2015.
Кыргызстандын футбол боюнча 21 жашка чейинкилердин курама тобу. Санкт-Петербург, 19-январь, 2015.

Футбол боюнча Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Шериктештик кубогунун тарыхында Кыргызстандын 21 жашка чейинки курамасы алгачкы жолу чейрек финалга чыкты. Кыргызстандыктар 19-январдагы тайпалык тандоонун акыркы беттешинде Орусия курамасын 2:1 эсебинде утуп алды.

Биринчи таймдын 44-мүнөтүндө Бактияр Дүйшөбеков оюндагы алгачкы голду киргизип эсепти ачты. 49-мүнөттө Акрам Умаров айып тобун атаандаштардын дарбазасына жолдоду. 82-мүнөттө орусиялыктар айып тобун тебүүгө мүмкүнчүлүк алып, Алексей Евсеев Андрей Шикин тоскон дарбазага топ киргизип эсеп айырмачылыгын 2:1 кылды.

Буга чейин Кыргызстан Молдова жана Латвия курамалары менен ойноп эки оюн тең 1:1 эсеби менен аяктаган. Орусия футболчулары Латвиялыктарды 1:0 эсебинде утса, молдовалыктар менен 2:2 болгон. 19-январда Молдова менен Латвия курамалары беттешип 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Ошентип 3 оюндан кийин 5 упай топтогон Кыргызстандын улуттук курамасы тайпада биринчи орунду ээлеп, Шериктештик кубогунун чейрек финалына жолдомо алды. Орусия 4 упай менен экинчи орунда плей-оффко чыкты. Былтыр бул мелдеште кыргызстандыктар 12-орунду ээлешкен эле.

Шериктештик кубогунун оюндары 25-январда аяктайт. Ага 12 өлкөнүн курамалары катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG