Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Улуттук китепканада Боронбай бий эскерилет


Бүгүн Улуттук китепканада Боронбай Бекмурат уулунун 235 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук китепканадан билдиришти. Анын алкагында «Боронбай жана анын доору» деген аталышта китептердин, тарыхый документтердин, макалалардын көргөзмөсү болот.

Боронбай Бекмурат уулу ХIХ кылымда Ысык-Көл аймагында жашап өткөн Бугу уруусунун манабы болгон. Ал 1844-жылдан баштап Орусия мамлекети менен Бугу уруусунун ортосунда дипломатиялык байланыш түзүү аракетин көрүп, 1855-жылы Омскиде аталган уруунун өкүлү Орус ипмериясына кошулганы тууралуу ант берген. Батыш Сибирь генерал-губернатору Боромбай бийдин калк ичиндеги кадыр-баркын эске алып, аймакта Орусия таасирин таратуудагы эмгегин жогору баалап, аны Бугу уруу бирикмесинин баш манабы деп тааныган. Ошондой эле ага подполковник аскердик чини ыйгарылган.

Кыргыз-jрус биримдигине алгачкы жолу из салган Боронбай Бекмурат уулу 1858-жылы каза болгон.(ZA)

XS
SM
MD
LG