Орусия да, Казакстан да Бажы биримдигине байланыштуу убада кылган каражатты беришерин премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Орусия ал акчаны бюджетине киргизген. Азыр документтер даярдалып жатат”, - деди Оторбаев.
Кыргызстан Бажы Биримдигине 2014-жылдын 23-декабрында кирген. Тараптардын макулдашууларына ылайык, биримдикке киргенден кийин Кыргызстандын айрым тармактарына артыкчылык берүү үчүн өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Анын уставдык капиталы 500 млн. доллар деп белгиленип, анын 100 миллионун Орусия которгон. Калганы ушул жылдын 29-майына чейин которулары күтүлүүдө. (EBM/MTo)