Эртең АКШнын президенти Барак Обама америкалыктарга кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Серепчилердин болжолунда, Обама иммиграция, саламаттыкты сактоо системасынын реформасы, айлана-чөйрөнү коргоо саясаты жана улуттук коопсуздук өңдөнгөн маселелерге кайрылат. Президент өзү экономиканын оңолушу, маяна-айлыкты көбөйтүү маселелерине басым жасаарын айткан. Бул былтыр ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында оппозициядагы республикачылар Сенатты да, Өкүлдөр палатасын да өз көзөмөлүнө алгандан кийинки президенттин алгачкы жалпы улуттук кайрылуусу.