Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Депутаттар Жапаровдун китеби боюнча прокуратуранын маалыматын талкуулайт


Cадыр Жапаров.
Cадыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде айрым аткаминерлерге карата айтылган айыптоолор боюнча Башкы прокуратуранын баяндамасы Жогорку Кеңеште талкууланат. Жыйын бүгүнкү жалпы отурумдун түштөн кийинки күн тартибине киргизилгенин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Спикер Асылбек Жээнбеков өткөн жумада башкы көзөмөл орган китептеги маалыматтардын чын-бышыгын аныктап, күнөөлүүлөрдү жазалоо керектигин, эгер фактылар тастыкталбаса, Жапаровдун өзүн жоопко тартуу маселеси көтөрүлөрүн билдирген.

Учурда Варшавада жүргөн Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде президент Алмазбек Атамбаев баш болгон өлкөдөгү таасирдүү адамдардын тымызын иштери тууралуу буга чейин ачыкка чыкпаган иштерди жазган.

Китеп алгач интернетте жарыяланган, андан соң Бишкекте миң нускада басылып чыккан.

Cадыр Жапаров “бийликти басып алууга аракет кылды” деген айып менен камалып чыккандан соң, 2013-жылы депутаттык мандатынан ажыратылган. (SE)

XS
SM
MD
LG