Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Барак Обама жалпы улуттук билдирүү жасайт


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн, 21-январда (Америка убактысы боюнча 20-январь күнү кечинде) улуттук кайрылуу жасайт. Серепчилердин болжолунда, Обама иммиграция, саламаттыкты сактоо системасынын реформасы, айлана-чөйрөнү коргоо саясаты жана улуттук коопсуздук өңдөнгөн маселелерге токтолот. Президент өзү экономиканын оңолушу, маянаны көбөйтүү маселелерине басым жасаарын айткан.

Бул былтыр ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында оппозициядагы республикачылар Сенатты да, Өкүлдөр палатасын да өз көзөмөлүнө алгандан кийинки президенттин алгачкы жалпы улуттук кайрылуусу.

XS
SM
MD
LG