Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Ысык-Көлдө кызылча илдетине шектелгендердин саны 39га жетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук санэпидемиология бөлүмүнүн башкы дарыгери Төлөн Макеев билдирди.

Анын айтымында, шектүү деп катталгандардын саны 39га жетти. Алардын ичинен лабораториялык анализден кийин 4 кишиден кызылча илдети аныкталды.

“Илдетке шектүүлөрдүн арасында өз убагында эмделбегендери кездешүүдө. Кайрылгандардан көбү Бишкек шаарынан келген студенттер. Учурда облус боюнча пландык негизде эмдөө жүрүдө. Аны менен катар облуска кошумча 6 миң вакцина алып келинди”, деди Макеев.

Дарыгер облус аймагында 147 киши, алардын дээрлик баары диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартып жатканын билдирген. Алар менен жергиликтүү бийлик жана медицина кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алып барууда. (MK)

XS
SM
MD
LG