Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Шыкмаматов: Абдыкапаров кызматтан кетпейт


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Юстиция министринин жардамчысы Бакыт Абдыкапаров бул кызматынан бошотулбасын “Азаттыкка” министр Алмамбет Шыкмаматов өзү билдирди.

“Мыйзам боюнча сот өкүмү чыккандан кийин гана адам күнөөлүү деп табылат. Же болбосо тергөөгө тоскоолдук жарата алат, ошон үчүн кызматынан убактылуу чегине туруусу керек деген тергөөчүнүн токтому болмоюнча жумуштан кетирилбейт. Абдыкапаровдун кызматы эч кандай бийлик менен байланышкан эмес. Анын кызматы кагаз ташымай. Жардамчы, шоопур же катчы сыяктуу”, - деди Шыкмаматов.

20-декабрда УКМК бир канча кишиден турган топ “Тазалык” ишканасына козголгон кылмыш ишин кыскартып беребиз деп, алдоо жолу менен 50 миң доллар алышканын кабарлаган. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” “Күбөлөрдүн баары алардын арасында Бакыт Абдыкапаров да болгон деп көрсөтмө беришүүдө. Учурда иликтеп жатабыз”, - деп билдирген. (МТо)

XS
SM
MD
LG