Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:57

Арменияда орус аскери кырган үй-бүлөнүн наристесин жерге беришти


Алты айлык Сережа Аветисиандын тажиясына чогулгандар. Гюмри, 21-январь, 2015-жыл.
Алты айлык Сережа Аветисиандын тажиясына чогулгандар. Гюмри, 21-январь, 2015-жыл.

Алты айлык Сережа Аветисиандын Гүмри шаарындагы бүгүнкү тажиясына жүздөгөн адам катышты.

Аветисиандар үй-бүлөсүнүн башка алты мүчөсүн орус аскери 12-январь күнү түгөл атып салган болчу.

Анда эки ирет бычак жеген алты айлык наристе ооруканага түшүп, бирок 19-январда чарчап калган.

Бул окуя Арменияда ири нааразылык акцияларын жаратты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, кылмыш боюнча тергөөнү эки тарап бирге жүргүзөт. Бирок бир үй-бүлөнү кырып салган Валерий Пермяковдун иши Орусиянын аскерий соту Арменияда карайт.

Армениянын Тергөө комитети билдиргендей, тергөөчүлөр орус жоокерин Гүмридеги аскерий базада суракка алууда. Ал базада Орусиянын 2,5 миңдей жоокери бар. (UE)

XS
SM
MD
LG