Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Азери президенти адам укуктары боюнча сынды четке какты


"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун мүчөлөрү азери президентинин сапарына тушташ Берлинде нааразылык акциясын өткөрүштү. Берлин, 21-январь, 2015-жыл.
"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун мүчөлөрү азери президентинин сапарына тушташ Берлинде нааразылык акциясын өткөрүштү. Берлин, 21-январь, 2015-жыл.

Илхам Алиев бүгүн Берлинде, немец канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки пресс-конференцияда анын өлкөсүндө “адам укуктары жана сөз эркиндиги кепилденген” деп ырастады.

Эл аралык уюмдардын Азербайжанга басма сөз эркиндиги жагынан эң төмөнкү рейтингдерди ыйгарышы алар үчүн "проблема эместигин" белгиледи.

Ал ошондой эл арасындагы кадыр-баркы жогору экенин, акыркы президенттик шайлоодо анын саясатын “элдин 90%дан ашууну колдоп, жактырганын” эске салды.

Бирок Азербайжандагы соңку президенттик да, парламенттик да шайлоо эл аралык байкоочулар тарабынан адилет жана эркин деп таанылган эмес.

Берлиндеги бүгүнкү сүйлөшүүлөр алдында адам укугун коргоочу топтор немей канцлери Ангела Меркелди Илхам Алиевге анын бийлиги журналисттерди, укук коргоочуларды, оппозиция активисттерин абакка салганы үчүн кысым көргөзүүгө чакырган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG