Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

Порошенко: Украинада Орусиянын тогуз миңден ашуун аскери бар


Порошенко Давосто сүйлөөдө. 21-январь, 2015-жыл.
Порошенко Давосто сүйлөөдө. 21-январь, 2015-жыл.

Украин президенти бул тууралуу бүгүн Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып билдирди жана Орусияны Минск тынчтык келишими боюнча милдеттемелерин түгөл аткарууга чакырды.

Порошенконун ырастоосунда, азыр Украинанын аймагында Орусиянын “тогуз миңден ашуун жоокери, 500дөй танкы, оор артиллериясы жана брондуу унаалары” бар.

Украин президенти белгилегендей, Минск тынчтык келишимине ылайык, Орусия Украина менен чек арасын жаап, “чет элдик аскерлердин” баарын чыгарып кетүүсү керек.

Петро Порошенконун пикиринде, Орусиянын украин аймагында аскерлерди жайгаштыруусу- “агрессиянын ачык формасы”.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров украин президентинин айткандарын “негизсиз” деп четке какты.

Берлинде бүгүн Украина боюнча кризистик сүйлөшүү өткөн жатат.

Өлкөнүн чыгышында атышуулар күчөгөн кездеги жыйынга немец, француз, орус жана украин тышкы иштер министрлери катышары мерчемделген. (UE)

XS
SM
MD
LG