Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Өзгөндүк ишкерди тоноого шектүүлөрдүн бири кармалды


Өзгөн районунда мармар таш өндүргөн ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн куралдуу карактоого шектүү катары Абдисалам Аманов аттуу адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Сактан Келдибаев өз үйүн тоногон факты боюнча депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазып, азыр кармалган Амановду Кадыралиевдин шериги катары сүрөттөгөн.

Ишкер Сактан Келдибаевдин атасы 2014-жылдын 30-августунда түндө алардын үйүнө беткапчан куралдуу төрт адам кирип келип, 10 миң АКШ долларын жана эки уюлдук телефонун тартып алганын айтып, арыз жазган. Жабырланган Келдибаевдер беткапчан адамдарды Канжар Кадыралиевдин кылмыштуу тобу деп сыпатташкан. Андан соң Канжар Кадыралиевди камакка алуу тууралуу соттун чечими чыккан. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланган.

Шектүү Абдисалам Амановго да сыртынан айып тагылып, издөө жарыяланган эле. Учурда ал Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. (YI)

XS
SM
MD
LG