Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

“Кара-Көл үнү” гезитинин редактору кайрадан камакка алынды


Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жергиликтүү “Кара-Көл үнү” гезитинин башкы редактору Жолдошбек Алиев кечээ Ноокен райондук сотунун чечими менен кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу анын иниси Болот Алиев “Азаттыкка” билдирди.

"Бул жерде жергиликтүү бийликтин журналисттин ишине карата кысымы болууда. Өткөн жылы шаар кеңештин токтому менен гезиттин редакциясы да жабылган", - дейт Алиев.

Райондук сотун судьясы Абидилла Жарымбетов "Азаттыкка" Алиев үй камагындагы мөөнөтүн бузгандыгы үчүн соттун чечими менен кайрадан камакка алынганын билдирди.

"Журналист Алиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эми соттук кароо бүткөнгө чейин камакта калат", - деди Жарымбетов.

Журналист 2014-жылдын 29-апрелинде "150 миң сом талап кылды" деген шек менен УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Кийин 1 айдан соң үй камагына чыгарлыган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG