Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:22

Президент Салянованы баш прокурорлуктан бошотту


Кечээ парламент Аида Салянованын башпрокурорлуктан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын канааттандырган. Президент Алмазбек Атамбаев аны негиз кылып, бүгүн Салянованы кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду.

Аида Салянова 2014-жылдын 23-декабрынан бери жумушка чыга элек болчу. Башпрокуратуранын маалымат кызматы аны ошол күндөн тарта эмгек өргүүсүнө чыкты деп кабарлаган.

42 жаштагы Аида Салянова 2011-жылдын 14-апрелинен бери башкы прокурор кызматын аркалап келген. (МТо)

XS
SM
MD
LG