Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Токмокто 11 жаштагы кыз зордукталды


Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекованын айтымында, Токмок шаарында 11-январь күнү он бир жаштагы кызды зордуктады деп 45 жаштагы эркек 22-январда камакка алынган. Кылмышка шектүү киши Чүй районунун тургуну.

“Кызга кыянаттык кылган киши анын өгөй агасы деген маалыматтар бар. Азыр биз кыздын энесине байланышка чыгып, аларга акысыз укуктук жана психологиялык жардам көрсөтөлү деп жатабыз”, - деди “Азаттыкка” Турдубекова. (BCh)

XS
SM
MD
LG