Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Кыргызстанда аялдардын биринчи улуттук форуму өтөт


Ушул жылдын 2-3-март күндөрү Бишкек шаарында кыргызстандык аялдардын биринчи улуттук форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн мурдагы президенти Роза Отунбаева бүгүн Жалал-Абад облусунда билим берүү кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Быйыл кыз-келиндердин абалын жакшыртууга багытталган Бээжин Платформасынын кабыл алынгандыгын 20 жана “Кыргызстан аялдар кыймылынын” 90 жылдык мааракесин белгилейбиз. Ошол себептүү март айында бардык аймактардагы аялзатынын башын бириктирип, улуттук форум өткөргөнү жатабыз. Анын максаты аялдар менен сүйлөшүү жана кызматташуу аркылуу улуттук аялдар кыймылынын платформасын түзүү жана аялдарды коомдук турмушка жигердүү аралашуусун камсыздоо болуп саналат”, деди Отунбаева.

1925-жылдын 5-8-март күндөрү Кыргызстанда 105 дыйкан аялдан турган алгачкы жыйыны өткөн. Быйыл март айында белгиленүүчү форум “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, өлкө аймагынан 1200 делегат катышат. (RsK)

XS
SM
MD
LG