Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Орус чиркөөсүнүн башчысы: бойдон алдырууну чектөө зарыл


Патриарх Кирилл. 22-январь.
Патриарх Кирилл. 22-январь.

Православ чиркөөсүнүн башчысы бүгүн тарыхта биринчи жолу Мамлекеттик Думада чыгып сүйлөп, бойдон алдырууну чектөөгө жана салттуу баалуулуктарга кайтууга чакырды. Патриарх Кирилл бекер, мамлекет сунуш эткен бойдон алдыруу кызматына тыюу салынса, анын аркасынан калктын санын туруктуу жана кескин көбөйтүүгө болот деп ырастады.

Православ чиркөөсүн көтөрмөлөп келген президент Владимир Путин да буга чейин Орусияда калктын санынын кескин кыскарышын токтотууну башкы максаттардын бири деп атаган. Патриарх Кирилл өлкөдө «салттуу диний» баалуулуктарга кайтып келүүгө, динди мектепте окутууга жана орус казактардын кыймылын кайра жандандырууга чакырды.

XS
SM
MD
LG