Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

НАТО Орусиянын аскер башчылары менен байланышты калыбына келтирет


НАТОнун аскер башчысы, америкалык генерал Филип Бридлов Орусиянын аскер башчылары менен байланышты калыбына келтирүүнүн жолдору талкууланып жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, НАТОнун бир нече улук командирлери Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси, генерал Валерий Герасимов менен кайра алака түзүүнү чечишти. Бридлавдын сөзү боюнча, ал Герасимов менен былтыр орус аскерлери Украинанын Крым аймагына басып кирген мезгилде байланышкан.

XS
SM
MD
LG