Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Чаткалда ур-токмоктон мектеп окуучусу каза болду


Райондун Каныш-Кыя айылындагы Байдөлөтов атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Адылбек Ашырбек уулу мушташтын айынан каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ИИБнин бөлүм башчысы Ибрагим Шатманалиев билдирди.

Маалыматка караганда, 21-январдын кечинде Адылбек оор абалда ооруканада каза болгон. Аны дос балдары талмасы кармап калды деген таризде алып барышкан.

“Ал эми атасы уулу ур-токмокко алынганын билдирип, милицияга арыз менен кайрылды” – деди Шатманалиев. Учурда бул багытта териштирүү иштери жүрүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG