Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

“Республика” Жолдубаеванын талапкерлигин карап жатат


Индира Жолдубаева
Индира Жолдубаева

Парламенттеги «Республика» фракциясы бүгүн президент баш прокурорлукка сунуштаган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин кароодо. Депутат Кенжебек Бокоев баш прокурорлукка талапкер кандай критерийлер менен тандалганын сурады.

Жыйынга келген президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев "Жолдубаева жаш экенине карабастан жетишерлик тажрыйбага ээ, 2010-жылдан бери президенттик аппаратта иштеп жатып такшалган, айтканын аткара алган, чечим кабыл алар алдында маселени дыкат иликтеген кадр", - деп баа берди.

“Менимче, булар башпрокурор үчүн жакшы сапаттар, анткени ар бир иштин артында адам тагдыры турат”, - деди Нарымбаев.

Мындан тышкары, Нарымбаев мурдагы баш прокурор Аида Салянова коррупцияга каршы аянбастан катуу күрөшкөнүн белгилеп, ыраазычылык билдирди. Салянова өз арызынын негизинде 22-январда кызматынан алынган. (МТо)

XS
SM
MD
LG