Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:40

“Республика” Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду


Парламенттик оппозициядагы “Республика” фракциясы башкы прокурорлукка көрсөтүлгөн Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду. Учурда Жолдубаеванын талапкерлигин КСДП фракциясы карап жатат. Талапкерди депутаттарга президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев тааныштырууда.

Жолдубаеванын талапкерлигин тармактык комитет кийинки жумада карарын “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин маалымат борборунун жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди. Жолдубаеванын талапкерлиги тиешелүү комитеттин кароосунан кийин жалпы жыйында каралып, добушка коюлат. (МТо)

XS
SM
MD
LG