Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Кыргызстанда алгачкы спорт каналы ачылат


Спорт каналдын бет ачары эртең Улуттук Олимпиада комитетинде өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Султан Жумагулов билдирди.

“Эртең канал тууралуу коомчулукка маалымат берип, анда кандай программалар көрсөтүлөрү тууралуу айтып беребиз. Өкмөт аны колдоп, азыноолак каражат берүүгө убада берген. Санариптик форматтагы социалдык пакетке кирсек жарым жылдын ичинде иштеп башташы мүмкүн”, деди Жумагулов.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактар санарип телеберүүгө 2015-жылдын 17-июнуна чейин өтүшү керек. Калган аймактар баскыч-баскыч боюнча жыл соңуна чейин санарипке өткөрүлөт. (МТо)

XS
SM
MD
LG