Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Украинадагы жаңжалда өмүрү кыйылгандар беш миңден ашты


Жикчил күчтөрдүн танкы Донецктин көчөсүндө. 22-январь, 2015-жыл.
Жикчил күчтөрдүн танкы Донецктин көчөсүндө. 22-январь, 2015-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Улуттар уюму билдирди. БУУнун адам укуктары боюнча мекемесинин өкүлү Руперт Колвилл бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында белгилегендей, акыркы тогуз күндө эле 262 адам мерт болду.

Бул - украин өкмөттүк күчтөрү менен жикчилер былтыр 5-сентябрда ок атышууну токтотууну макулдашкандан бери жоготуу эң көп катталган учур.

Улуттар уюмунун өкүлү кошумчалагандай, былтыр апрелден берки уруштардын айынан өмүрү кыйылганы такталгандардын саны бүгүнкү күнгө карата 5086га жетти, бирок реалдуу сан мындан да көп болуп кетиши мүмкүн.

Бул аралыкта жикчилер жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” лидери Александр Захарченко орусиялык “Интерфакс” агенттигине алар тынчтык сүйлөшүүлөрүн демилгелебесин, Донецк облусунун бүткүл аймагын ээлөөнү көздөшөрүн билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG