Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Ысык-Көлдө Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына даярдыктар көрүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Анын айтымында, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Анын алкагында согуш ардагерлерине жана тылдагыларга жардам көрсөтүлүп, медициналык кызмат, социалдык жардам көрсөтүлөт. Аны менен бирге жергиликтүү деңгээлде социалдык программаларды иштеп чыгуу талабы коюлду.

Облустагы Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу бардык эстеликтерди жана сейил бактарын көрктөндүрүү апрелдин аягына чейин бүтүшү керек.

Учурда облуста 109 согуш ардагери жана 570 тылдын катышуучусу жашайт.(MK)

XS
SM
MD
LG