Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Путин Донбасстагы кырдаалдын курчушу үчүн Киевди айыптады


Путин Коопсуздук кеңешинин олтурумунда. Ново-Огарево, 23-январь, 2015-жыл.
Путин Коопсуздук кеңешинин олтурумунда. Ново-Огарево, 23-январь, 2015-жыл.

Орус президенти бүгүн Коопсуздук кеңешинин отурумунда сүйлөп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Тилекке каршы, сунушубузга так жана түшүнүктүү жооп алмак тургай, тескери аракеттерди көрдүк. Киевдеги бийликтер каршылашкан тараптар чектешкенин тилкенин бүткүл периметри боюнча ири масштабада операция баштоого буйрук берди.

Путиндин бул сөздөрү алдында орусиячыл жикчилер жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” лидери Александр Захарченко студенттер менен жолугушууда алар эми элдешүү демилгеси менен чыкпай турганын, Донецк облусунун чек арасын карай чабуулга өтүүнү көздөшөрүн, азыр бир эле учурда үч багыттан чабуул коюп жатышканын билдирген.

Каршы тарап чабуул коюп жатканын бүгүн Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов да ырастап, аларды “орус террорчул топтору” деп атады.

БУУнун адам укуктары боюнча мекемесинин өкүлү Руперт Колвилл бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында белгилегендей, акыркы тогуз күндө эле Украинанын чыгышында 262 адам мерт болду.

Бул украин өкмөттүк күчтөрү менен жикчилдер былтыр 5-сентябрда ок атышууну токтотууну макулдашкандан бери жоготуу эң көп катталган учур.

Улуттар уюмунун өкүлү кошумчалагандай, былтыр апрелден берки уруштардын айынан өмүрү кыйылганы такталгандардын саны бүгүнкү күнгө карата 5086га жетти, бирок реалдуу сан мындан да көп болуп кетиши мүмкүн.

Орусиячыл жикчилердин аскерий өкүлү Эдуард Басурин бүгүн Донецктеги басма сөз жыйында айткандай, акыркы 24 саатта алар 24 согушкерин жоготуп, 30у жаракат алды. Ал эми украин өкмөттүк күчтөрүндө, Басурин ырастагандай, өлгөндөр менен жаракат алгандардын саны “50гө чейин жетет”.

Бул аралыкта Украинанын коргоо министрлигинин өкүлү Андрей Лысенко “согушкерлер көзөмөлдөгөн аймактардагы орус аскерлеринин саны 9000ге жетерин”, бул уруш башталгандан берки максималдуу сан экенин айтып чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG