Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Шериктештик кубогунда Кыргызстан 5-орун үчүн ойнойт


Кыргызстандын 21 жашка чейинки футбол курамасы Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Шериктештик кубогунда 5-8-орун үчүн беттеште Тажикстан курамасын утуп алды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 23-январь күнү кечки саат 19:00до аяктаган беттеш 3:1 эсебинде аяктаган.

Эми Кыргызстандын жаштар курамасы Шериктештик кубогунун оюндарында бешинчи орун үчүн 25-январда Орусия курамасы менен ойнойт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:15те башталат.

Буга чейин тайпалык тандоо оюндарында аталган эки курама беттешип, 2:1 эсебинде орус футболчулары кыргызстандыктарга утулган эле. Ал беттештен кийин Кыргызстан беш упай топтоп В тайпасында биринчи орун менен Шериктештик кубогунун тарыхында алгачкы жолу плей-оффко чыккан.

Кыргыз футболчулары чейрек финалдык беттеште Финляндия оюнчуларына 1:0 эсебинде утулуп, баш байге үчүн таймашууларын токтоткон. (ECh)

XS
SM
MD
LG