Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Активист Турдукулов АКШга уча албай калды


Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

Оппозициячыл активист Адил Турдукуловдун АКШга сапары үзгүлтүккө учурады. Аны “Ак-Жол” чек ара бекетинен Кыргызстандан Казакстанга өткөрбөй коюшкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Турдукулов өзү маалымдады. Анын айтымында, Чек ара кызматынан Турдукуловду өлкөдөн чыгарбоо боюнча соттун чечими бар экенин айтышкан. Бирок себебин түшүндүрүшкөн эмес. Активист муну өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

- Мындай тоскоолдуктардын себебин так айта албайм, бирок Батукаевге окшогон кылмышкерлерди жөн эле чыгарып жиберишет. Бул жерде саясат бар болушу мүмкүн, – деди активист. Турдукулов азыр бул маселе териштирилип жатканын да билдирди.

Кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү 23-январда АКШга жөнөп кетти. Алар АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Конгресстин өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы саясий маселелерди талкуулайбыз деп ачык билдиришүүдө. АКШга болгон сапар парламенттеги оппозициячыл депутат Равшан Жээнбековдун жеке демилгеси болуп, жол чыгымдарын ар ким өз капчыгынан төлөмөй болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG