Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Украинада айыгышкан уруш уланууда


Украина чыгышында 17 жана 22-январда 18 украин аскери өлүп, 235и жарадар болгон. Өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдагандай, жикчилдер тараптан 600 адам өлүп, 175и жарадар болгон.

Өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп жарыялашкан жикчилдер болсо, украин армиясы 750 адамын жоготконун айтууда. Алар өткөн түнү Донбасстагы украин күчтөрү ээлеген тарапка кеминде 30 жолу ок чыгарган. Украина аскердик операциясынын пресс-борбору Счастье шаары менен Луганск облусундагы Новотошковка кыштагы аткыланган. “Град” жабдуусу менен Мариупол шаарынын чыгыш тарабы аткыланып, бир нече үй кыйрап, 10 адам каза тапкан. ​

XS
SM
MD
LG