Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

БУУ: Донбасста жер которгондордун саны өсүүдө


Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык суроолор боюнча координатору Украинанын чыгышынан көчүрүлгөндөрдүн саны жарым миллиондон ашканын билдирди.

Бул маалыматты БУУ Украинанын социалдык тармакты тейлеген министрлигине таянып тараткан. Аталган министрликте 922 миң көчүрүү катталган. Ошондой эле 600 миңдей качкын кошуна өлкөлөргө кирип кеткен.

БУУнун отчетунда учурда Украинанын бийлиги 50 миңден ашык жер которгондорду каттады. Бул сан жакынкы күндөрдөн бери өсүп жатат.

Украинанын чыгышында согуш уланууда. Анын кесепетинен ондогон адамдардын өмүрү кыйылып, аймактын инфраструктурасы талкаланып, гуманитардык жардамга муктаждык келип чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG