Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

ЕККУ Мариуполдогу аткылашууну айыптады


ЕККУнун байкоочулары Мариуполдогу атышуу болгон жерде
ЕККУнун байкоочулары Мариуполдогу атышуу болгон жерде

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Эртургул Апаган 24-январдагы Мариупол шаарындагы орусиячыл жикчилдердин аткылоосун айыптап, кандуу кагылышууну толук иликтөөгө чакырды.

Апакан атышуу толук токтоп, жаңжалдашкан эки тарап сүйлөшүүгө келиши керек деп эсептейт.

ЕККУ тараткан билдирүүдө ишембиде уюмдун эксперттери атышуу болгон аймакка абалды баалоо жана отуздай адамдын өмүрүн алган окуянын бардык фактыларын аныктоо үчүн барышканы айтылат.

Мурдараак Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин башчысы Федерика Могерини аскерий кагылышуунун мындан ары өнүгүшү жайкын тургундар арасында жоготууларга алып келиши мүмкүндүгүн жана мындан улам Орусия менен Евробиримдиктин мамилеси дагы катаалдашып кетээрин айткан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Мариуполдун чыгыш районунда жикчилдердин аткылоосунан каза болгондордун саны 30 адамга жеткен. 93 киши жарадар болгону айтылууда.

Орусиячыл жикчилдер болсо кандуу окуяны Киевдин чагымы деп жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG