Бул жылы ырчы Чубак Сатаевдин басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу китеп жазылып, тасма тартылат. Ошондой эле күзүндө Бишкекте эскерүү концерти өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" маркумдун уулу, Чубак Сатаев атындагы коомдук фонддун негиздөөчүсү, ырчы Кубанычбек Сатаев билдирди.
Чубак Сатаевдин көзү тирүү болгондо 13-январда 55 жашка толмок.
"Учурда атам тууралуу кино тартуу үчүн сценарий жазылып, режиссер издеп жатабыз. Ошондой эле бул жылы фонд маданий багыттагы бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. Атам тууралуу көргөзмөлөр, сынактар уюштурулат", деди Кубанычбек Сатаев.
"Арман" деген ыры менен эл оозуна алынган Чубак Сатаевдин "Кан досума", "Кара көз", "Түштүк кызы карындашым", "Энекем", "Жарамазан", "Нооруз" ж.б. ырлары ушул кезге чейин эл арасында кеңири ырдалып келет. (ZMa)