Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Сары-Ташта милиция бөлүмчөсү ачылат

Ош-Эркечтам-Кара-Мык багытындагы үч жолдун кесилишинде жайгашкан Сары-Таш айылында милиция бөлүмчөсү ачылат. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев Алай районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Министр Сары-Таш айылына милиция бөлүмчөсү үчүн шарттары түзүлгөн эки контейнер берилээрин убада кылды.

Буга чейин кыргыз-кытай, кыргыз-тажик чек арасына жакын турган Сары-Таш айылында бөлүмчө үчүн зарыл болгон имараттын жоктугунан улам жергиликтүү тургундун үйү пайдаланылып келген. (YI)

XS
SM
MD
LG