Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Баткен шаарында бала бакчалар жетишсиз


Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов билдирди.

Мэрдин айтымында, Баткен облусунун борбор шаарында 30 миңдей калк жашайт. Шаарда 140 орунга эсептелген эки гана бала бакча бар. Анда 450дөн бала тарбияланып, кезек күткөндөрдүн саны миңден ашты. Кызыл-Жол кварталында эле 500дөй наристе бала бакчага муктаж.

Жергиликтүү бийлик быйыл бир бала бакча үчүн 3 млн. сом бөлгөн. "Бала бакчанын башка максаттарда колдонулуп жүргөн имараттарын кайтаруу маселеси чечилбей келатат" дейт шаар жетекчиси. (JsA)

XS
SM
MD
LG