Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Ат-Башы районунун Большевик айылындагы мектептен өрт чыкты


Электр жабдууларынын чыңалуусу өрттүн чыгышына себеп болгонун "Азаттыкка" Ат-Башы райондук өрткө каршы бөлүмүнүн башчысы Мамбеталы уулу Нарынбек билдирди.

Өрт 23-январда эртең менен саат 7лер чамасында чыккан жана мектептин биология кабинетинин 40 чарчы метри күйгөн.

"Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, өрттүн чыгымы такталып жатат, өрткө каршы кызмат кырсык болгон жерге убагында баргандыктан тилсиз жоо мектептин башка кабинеттерине жайылып кеткен жок", - деди Н.Мамбеталы уулу.

Мындан бир жыл мурда Кара-Суу айылындагы балдар бакчасынан өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. (MiK)

XS
SM
MD
LG