Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Орусия БУУда Мариупол боюнча арызды четке какты


Киевдеги Мариуполдогу курман болгондорго аза күтүү, 25-январь, 2015-жыл
Киевдеги Мариуполдогу курман болгондорго аза күтүү, 25-январь, 2015-жыл

Орусия Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Мариуполдогу ракеталык атууларды айыптап, окуяны иликтөөгө чакырган арызын четке какты. Мындай демилгени ишембиде Британия көтөргөн.

Документте ошондой эле жикчилдердин Украинанын көбүрөөк аймагын басып алуу жөнүндө айткан чагым сөздөрү дагы сындалган. Донецктеги жикчилдердин лидери Александр Захарченко 22-январда өзүн Донецк элдик республикасы деп атаган аймак Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, Минск келишимин сактабай тургандыгын жарыялаган. Ишембиде болсо Мариуполго чабуул башталганын айткан.

Ишембиде Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Мариуполдогу 30 адам набыт болуп, 90дан ашуун кишини жарадар кылган атышууларды кескин айыптаган.

XS
SM
MD
LG