Египетте 2011-жылкы көтөрүлүштүн төрт жылдыгын белгилөө маалында нааразылыктар чыгып, андан кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылды.
Мамлекеттик маалымат каражаттары полиция менен демонстранттар кагылышканда өлгөндөрдүн саны тогузга жетти деп кабарлады.
Ички иштер министри Каирдин түндүгүндөгү райондо бир полиция кызматкерине ок тийгенин, ал болсо бир нече демонстрантты атып салганын билдирди. Азырынча окко учкан полиция кызматкери өлдү делген 11 кишининин катарында санакка кирдиби же жокпу белгисиз.
Каирдин борборунда төрт жыл мурунку революциянын бешиги болгон Тахрир аянтына жүрүш жасайбыз деген жүздөгөн адамдарды полиция күч менен таркатты. Эки исламчыл бомба коюп жатканда жарылып, андан өздөрү жан берди. Египетте исламчыл маанайдагылар президент Абдел-Фаттах Сисинин башкаруусуна оппозиция болуп келишет.